• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Жогорку соттун төрайымы Ташиев айтып жаткан кылмыш иш тууралуу жооп берди

29 Бештин айы 202015:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «Азаттык» радиосунун «Эки-бир» көрсөтүүсүндө маек куруп, бир катар суроолорго жоп берди.

Алардын арасында буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин «Жогорку соттун төрайымына карата кылмыш иши козголду» деген билдирүүсүнө да жооп берди.

Анын айтымында, козголду делген иш тууралуу толук маалымат алган эмес.

«Бул иш 2020-жылдын апрель, март айларында болгон, иш козголду деп айтууга болбойт. А мен бул тууралуу сентябрь айында билдим. 22-сентябрда биздин «Адилет» сот мекемесине УКМК кызматкерлери келип, текшерип, жада калса компьютерлерден бери чыгарып кетишкен. А кызматкерлер мындай болбой турганын айтышканда, мен аларга бергиле, көрсөткүлө дедим. Себеби тергөөгө жолтоо болду деп айтышмак. Мага эч бирөө келип, иш тууралуу айткан эмес. Анан азыр эмне себептен минтип жатышат, мага түшүнуксүз болуп жатат. Негизи мен бул иштин материалдары менен таанышкан эмесмин. Ошол сентябрда бул иш боюнча президентке да жолугууга аракет кылдым, бирок болгон жок», — деди ал.

Ал кошумчалагандай иш жергиликтүү соттор тууралуу долбоордун негизинде болуп жаткан. Жана ал белгилегендей учурда сөз болуп жаткан доомат эмне себептен жана эмненин негизде жүрүп жатканын түшүнбөй жатат.

Белгилей кетсек, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, анда Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын жана ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин айтып, эгер соттор боюнча тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Ал эми буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы Гүлбара Калиеваны иши боюнча толук далилдер бар экенин билдирген.

Количество просмотров: 3104