• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жол боюндагы мыйзамсыз объектилерди бузуу иштери уланууда (видео)

12 Бештин айы 202417:00 Бишкек Govori.TV

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери менен Жол чарба департаментинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан жол боюнда жайгашкан мыйзамсыз объектилерди бузуу иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз объектилер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусундагы жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо атайын техниканын жардамы менен алынып жатат.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган жумуштар президенттин “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге жол боюндагы тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруунун алкагында жүрүп жатат.

Количество просмотров: 383