• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жол эрежесин 169 жолу бузган айдоочу айып пул төлөбөй жүргөн

7 Теке 202513:01 Бишкек Govori.TV

Жол эрежесин 169 жолу бузуп, айып пулду төлөбөй жүргөн айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жол инспекторлору «ВАЗ 21074» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерген учурда айдоочу «Коопсуз өлкө» боюнча коюлган камераларга жол эрежесин бузуп, бирок айып пулдарды төлөбөй жүргөнү аныкталган. Натыйжада унаа айып короо жайына токтотулуп, айдоочуга КР Укук бузуулар кодексинин негизинде протокол түзүлдү.

Количество просмотров: 86