• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жол инспекторунан 60 миң сом талап кылган делип блогер кармалды

4 Аяк оона 2023 14:49 Бишкек Govori.TV

Чүйдө интернет-блогер А.Жумагулова кармалды. Ал Чүй облусунун ИИББ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жумагулова Чүй облусунун Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык унаанын жүргөндүгү боюнча видеороликти таркатам деп коркутуп, инспектордон акча талап кылган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголган.

2023-жылдын 30-августунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө блогер А.Жумагулова 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Теги:
Количество просмотров: 237