Ал эми Бишкек шаардык мэриясы калаадагы коомдук транспорттун жол киресин болжол менен 20-22 сомго көтөрүүнү сунуштап жатат. «Азык-түлүккө болгон баа асман чапчып турган учурда мындай сунуш калктын капчыгын какпайбы?» деген суроонун айланасында Жогорку Кеңештин депутаттарынын жообун уктук…
Эске салсак, 2021-жылдын 1-ноябрынан тарта коомдук транспорттордо жол кире кымбаттаган. Ага ылайык, маршруткадагы жол акы 15 сом, автобус менен троллейбустардыкы 11 сомго жогорулаган.