Жол кирени көтөрүү маселеси коомдук талкууга коюлду
Жол кирени көтөрүү маселеси коомдук талкууга коюлду
27 Чын куран 2021 9:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүүгө байланыштуу маселени коомдук талкууга коюп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жол кирени көтөрүүгө байланыштуу үч вариант иштелип чыккан:
Биринчи вариант — азыркы бааны калтыруу;
Экинчиси вариант — автобус, троллейбус баштаган муниципиалдык транспортто жүрүүнүн наркын 11 сом, маршруттук унаалардын жол акысын 15 сомго көтөрүү;
Үчүнчү вариант — автобуста 15, троллейбуста 11, маршруттук унааларга 19 сом төлөп жүрүү сунушталууда.
Буга чейин январь айында Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифти көтөрүү талабы менен акцияга чыгып, талаптары аткарылбаса иш таштай тургандыктарын айтышкан.