• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жол кирени накталай алган айдоочуну аныктоого ыктыярчылар жардам берүүдө

16 Тогуздун айы 2023 12:11 Бишкек Govori.TV

Коомдук транспортто накталай төлөм жүргүзгөн айдоочулар аныкталууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга байланыштуу “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасы ыктыярчылар менен биргеликте коомдук транспорттордо айдоочуларды көзөмөлдөө жана шаар тургундарына накталай эмес төлөм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Күн сайын “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте 60 ыктыярчы каттамга чыгууда.

Эске сала кетсек накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот.

Үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

— Виртуалдуу NFC картасы;

— Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;

— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Количество просмотров: 95