• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жол коопсуздук кызматкерин Lexus LX570 менен алдыга сүйрөгөн айдоочу депутаттын кызы болгон (видео)

1 Кулжа 2018 10:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01. 06. 2018.Govori.TV
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын тескөөчүсүн Lexus LX570 автоунаасы менен алдыга сүйрөгөн айдоочу -43 жаштагы Балтабаева Нүргүл Ташполотовна экендиги маалым болду.
Ал коопсуздук курун тагынбай бара жаткандыктан инспектор токтотот. Айып протоколу түзүлгөндөн кийин инспектор кол коюуну суранат. Бирок, Нүргүл Балтаева протоколду колдон жулуп алып, машинасын айдап качууга аракет жасайт. Азыр ага Кылмыш кодексинин «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренеси менен иш козголду.
Нүргүл Балтабева мурдагы депутат Ташболот Балтабаевдин кызы.
Белгилей  кетсек, кечээ 31-майда социалдык тармакта жолтандабастын айдоочу жол коопсуздук инспекторун сүзүп кетүүгө аракет кылган видео жарыяланган.
Видео: Булбул
Количество просмотров: 17