• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жол кырсыгынан 2 аял каза болуп, 11 айлык наристенин абалы оор. Каныбек Осмоналиевдин пара алгандыгы аныкталды. Соңку жаңылыктар 22.03.18.

22 Жалган куран 2018 14:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.03.2018 Govori.TV
Каныбек Осмоналиевдин пара алгандыгы аныкталды 
Кыргыз-Орус славян университетинин медициналык факультетине өткөрүү үчүн Каныбек Осмоналиев студенттерден пара алгандыгын тергөө аныктады. Кылмыш иши иликтенип бүтүп, Башкы Прокуратурага жөнөтүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Каныбек Осмоналиевге «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Пара талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөчүлөр тарабынан экс-депутатка өлкөдөн чыкпоо боюнча баш коргоо чарасы берилген,-деп жазылат УКМК тараткан маалыматта.
Жол кырсыгынан 2 аял каза болуп, 11 айлык наристенин абалы оор
Бишкек-Торугарт жолунун Кубакы ашуусунда жол кырсыгы катталып, 2 аял каза болуп, 11 айлык наристе ооруканага жаткырылды. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматынан билдиришти. Окуя 20-март күнү Бишкек-Торугарт жолунда болгон. Анда каршылаш жолдо келе жаткан Toyota Caldina жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, жол кырсыгы катталган. Бул жол кырсыгындагы чогултулган иш кагаздар Кочкор РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Өлкө биринчилиги өтөт
Чолпон-Ата шаарында дзюдо боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.Маалыматка ылайык, чемпионат 23-25-март күндөрү «Газпром» ден соолукту чыңдоо борборунда болмокчу.Мелдеште өлкө аймагынан чогулган балдар сегиз, кыздар алты салмак категориясы боюнча күч сынашат.

Количество просмотров: 16