Жол кырсыгы. Бишкекте жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон окуучуну сүзүп кетти (видео)
Жол кырсыгы. Бишкекте жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон окуучуну сүзүп кетти (видео)
24 Аяк оона 2018 15:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.09.2018. Govori.TV
Бишкекте бүгүн, 24-сентябрда саат 12.25 чамасында Карл Макс жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде окуучуну сүзгөн кырсык катталды. Аталган кырсыктын видеосун күбө тасмага тартып алган.
Күбөнүн айтымында, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын ээси жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон окуучуну сүзгөн. Ал эми баланы унаа сүзгөндөн кийин жерге кыймылсыз жатып калып, бир аздан соң эсине келген.
Кырсык болгон жерге ИИМ жана дарыгерлер чакырылган эмес. Айдоочу баланы ооруканага өзү алып барарын айтып, алып кеткен.