• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Жол кырсыгына байланыштуу 14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөрдү

7 Бугу 202413:46 Бишкек Govori.TV

Жол кырсыгына байланыштуу 14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында БЖАИ МИге тиешелүү “ZHONG TOHG” үлгүсүндөгү мамлекеттик номер 01 KG710 № 40 автобустун айдоочусу троллейбус линиясынын таяныч мамысын сүзгөн. Жол кырсыгы бүгүн болжол менен саат 9:45 чамасында Дэн Сяопин проспектиси менен Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде болгон.

«Ыкчам маалымат боюнча айдоочу К. Өмүралиев ден соолугунун кескин начарлашынан улам жолдон чыгып, жол кырсыгына кабылган. Айдоочудан тышкары, жүргүнчүлөрдөн 3 адам жабыркаган. Алар дарыгерлердин кароосунан өтүп, амбулатордук дарыланууда. Троллейбус линиясынын таяныч мамысынын бузулушуна байланыштуу 14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кыймыл «Жал» кичи районунан Фрунзе заводуна чейин жүргүзүлөт. Иш аяктагандан кийин маршрут улантылат.

Количество просмотров: 104