• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Жол кырсыгына кабылып, жүргүнчүлөрү жабыркаган маршрутканын айдоочусу иштен алынды

24 Бугу 202310:44 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жол кырсыгына кабылып, жүргүнчүлөрү жабыркаган маршрутканын айдоочусу М.Омор уулу иштен алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Унаасы жагдайлар такталганга чейин айып аянтчасына токтотулду.

Эскерте кетсек, Бишкектин Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчүлөрдү ташыган №135 маршрутка менен “Хюндай Соната” үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан.

Кырсыктан 5 адам жабыркап, алардын төртөө кичи автобустун жүргүнчүлөрү болсо, бири жеңил унаанын айдоочусу болгон

Количество просмотров: 153