• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жол кырсыгынан 11 адам жаракат алып, бирөө каза болду

28 Жалган куран 202217:07 Бишкек Govori.TV

Чүйдө жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 11 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, түгүн таң эрте Москва районунун Ак-Торпок айылында “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүшкөн.

«Жол кырсыгынын кесепетинен 11 адам жабыркап, 1 эркек адам жеринен каза тапкан. Кырсык катталган жерге Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордон 5 куткаруучу тартылды. Алар саат 08:40та жараксыз абалдагы унаага кыпчылып калган Э. Ж. аттуу жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жабыркаган адамдар аймактык ооруканага жеткизилген.

Количество просмотров: 1612