• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жол кырсыгынан эки адам каза болуп, 10 жаран жабыркаган

3 Бугу 2022 19:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза болуп, 10 жаран жабыркаган.

Маалыматкаылайык, кечээ, 2-майда саат 18.30дар чамасында Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнөн өткөн Бишкек-Ош автожолунун 554-чакырымында Mitsubishi жана Honda Stepwagon үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Жеринде Mitsubishi автоунаасынын айдоочусу 1961-жылы туулган А.К. жана Honda Stepwagon унаасынын жүргүнчүсү 2021-жылы туулган А.Э. аттуу ымыркай алган жараттарынан улам каза болуп калышкан.

Ошондой эле Honda Stepwagon`дун айдоочусу жана 9 жүргүнчүсү денелеринен ар түрдүү жаракаттарды алып, райондук ооруканага жаткырылган.

Количество просмотров: 3144