Ош шаарында 17-июлдагы жол кырсыгынан каза болгон Аида Касымалиеванын ата-энесинин жана үч небересинин тажиясы Анар кичи районунда өтүп жатат. Апасы маркум Бактыгул Мырзаева Ош облустук китепканасында директору болуп иштеген.
Тажияга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Оштун мэри Бакытбек Жетигенов, парламенттин мурдагы спикери Асылбек Жээнбеков дагы башкалар катышууда. Маркумдар жума намаздан кийин жерге берилет.
Аида Касымалиеванын ата-энеси 3 небереси менен 17-июлда Каракол-Ананьево-Балыкчы унаа жолундагы жол кырсыгынан каза болгон. Дагы бир небереси оор абалда ооруканада жатат.