• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жол кырсыгынан кийин изин жашырган айдоочу кармалды

1 Чын куран 2022 12:43 Бишкек Govori.TV

Төмөнкү Ала-Арча айылында 27-мартта саат 21:30дар чамасында жол кырсыгы катталып, айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө БМВ 316 үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек шаарынын 21 жаштагы П.И. аттуу тургуну кармалган. Унаа атайын унаа токтотуучу жайга коюлган.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, айдоочу Аламүдүн райондук соту тарабынан Бишкек шаардык СИЗО-1ге бир айга тергөө абагында калтырылды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 318