• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жол кырсыгында милиция кызматкери жана анын төрт жаштагы кызы каза тапты

23 Бирдин айы 2019 18:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.02.2019.Govori.TV.

Ысык-Көл облусунда болгон жол кырсыгында 29 жаштагы милиция кызматкери жана анын төрт жаштагы кызы каза болду.Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады.

Кырсык Балыкчы — Ананьево — Каракол автоунаа жолунда 22-февраль күнү саат 21.30да болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, Toyota Land Cruiser автоунаасынын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, милиция кызматкери айдап келе жаткан «Audi 100» үлгүсүндөгү машинаны сүзгөн.

Автоунаада милиционердин жубайы, балдары жана анын досу (ал да милиция кызматкери – авт.) үй-бүлөсү менен болгон. Алар Түп райондук ооруканасында оор абалда жатат. Жолтандабастын бир жүргүнчүсү дагы ооруканада экени айтылды.

Количество просмотров: 3