Бишкек шаарында жол тескеп жаткан жол кайгуул кызматкерин унаа сүзүп кетти. Кайгуулчуну унаа келип сүзгөн учурдун видеосу социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, окуя Бишкектеги Жибек-Жолу жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Видеодон кесилиште унааларды тескеп жаткан кайгуул кызматкерин унаа токтогонго жетишпей сүзүп кеткенин көрүүгө болот.
Кайгуул кызматкери кандай жаракат алганы белгисиз. Милициянын кайгуул кызматы бул боюнча маалымат бере элек.
Эске салсак, бүгүн КМШ саммити өттү. Буга байланыштуу унаа жолдору маал-маалы менен жабылып, ал эми көчөлөрдү милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жүрүштү.