• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатында алтын утту

20 Чын куран 2022 16:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Финалда Жоламан Шаршенбеков ирандык Мехри Мохсен менен күрөшүп, жеңип алды.

Ал мелдештин чейрек финалында Монголиянын балбанын 8:0 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда казак балбан Ернур Фидахметовду 6:1 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Азия чемпионатынын биринчи күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) жана Тынар Шаршенбеков (63 кг) алтын медаль багындырса, Роман Ким (130 кг) коло медалга татыган.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Количество просмотров: 201