• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкекте Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн тосуп алышты

22 Чын куран 2022 18:22 Бишкек Govori.TV

21- апрелде, «Манас» эл аралык аэропортунда спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданы тозуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин Дене тарбия жана спорт Департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурланбек Исмаилов, КРнын күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов, биринчи вице-президенти Дамирбек Асылбек уулу, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышты.

Нурланбек Исмаилов Департамент жана Мадания, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлигинин атынан куттуктап, Азия чемпонаты быйылкы жылдын эсебинен ийгиликтүү старт болгонун белгилеп, кийинки мелдештерге ийгилик каалады. Ошондой эле күрөш федерациясы менен биргеликте Париж Олимпиадасына ушул жолду улап кетүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, Азия чемпонаты Монголиянын Улан-Батор шаарында 19-апрель күнү старт алган. Грек-рим күрөшү боюнча курама команда 3 алтын, 3 коло медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.

Тынарбек Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын медаль жана Адилхан Нурланбек уулу, Узур Жузупбеков, Ким Роман коло медалдын ээси болушту.

Спортчулар улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркинбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.

Количество просмотров: 261