• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айпери Медет кызы Азия чемпионатында алтын алды

21 Чын куран 202217:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалында япониялык Юка Кагами менен беттешип, 7:3 эсебинде жеңишке жетти.

Медет кызы жарым финалда монголиялык Ганбат Ариунжаргалга каршы чыгып, 10:0 эсебинде жеңген.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Количество просмотров: 856