Бишкек.26.01.2018.Govori.TV
Кыргызстандын спортчусу Каныбек Жолчубеков Иранда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Takhti Cup 2018 эл аралык турниринин жеңүүчүсү болду.
Маалым болгондой, аталган турнир 25-январда Бендер-Мехшехр шаарында башталган.
К.Жолчубеков 60 кг чейинкилер арасында күч сынашып, алдын ала раундду ийгиликтүү жыйынтыктаган. Ал жарым финалда казакстандык спортчу Дастан Жарлыхановду 11:1 эсебинде утуп алды.
Ал эми, финалда кыргызстандык балбан ирандык Мехрдад Мардани менен күрөшүп, 6:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Аталган медаль Кыргызстан үчүн Takhti Cup турниринин тарыхындагы алгачкы байге болду.