Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарындагы медицина кызматкерлерин жеке менчик унаалары менен жумушка барбоого чакырды.
Тийиштүү документке Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары кол койгон.
Министрлик жол тыгыны жаралып жаткандыгына байланыштуу ушундай сунуш киргизүүгө аргасыз болгонун билдирген.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматкерлерин коомдук транспорт менен келүүгө чакырган.