• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жолдогу жаңжал. Жабыркаган айдоочу арыз жазып, ок аткан шектүүлөр кармалды

20 Кулжа 202511:19 Бишкек Govori.TV

18-июнда Базар-Коргондо белгисиз адамдар катышкан жолтранспорттук жаңжал болуп, ок атышуу катталды.

Милицияга Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу кайрылып, ал жолдун жээгинде сүйлөшкөн кызы менен турган учурда, Toyota үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз эки адам жакындап келип, алар кызды күчтөп алып кетүүгө аракет кылышканын айткан.

«Ошол учурда алардын бири айдоочуну урган, экинчиси тапанча чыгарып, асманга бир нече жолу ок чыгарган жана кийин тапанчасынын приклады менен анын башына уруп жиберген. Жабыркаган жаран жана жанындагы кыз медициналык жардам алуу үчүн даарыгерлерге кайрылышкан. Бул факты боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, эки шектүү кармалды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 238