• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жолдубаева: Атамбаев маалымат жыйын өткөрбөйт

1 Жетинин айы 2018 16:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.10.2018. Govori.TV.
Алмазбек Атамбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен пресс-конференция уюштурат. Бул тууралуу бүгүн КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина билдирген. Ал пресс-конференция жакында өтөрү пландалып жатканын кошумчалаган. Карамушкинанын айтымында экс-президент маалымат жыйыны аркылуу өзүнүн азыркы абалын түшүндүрүүгө алакет кылат.
Бирок, депутаттын бул билдирүүсүн КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева  четке кагып, эч кандай маалымат жыйыны болбостугун билдирген.

Эскерте кетсек, Атамбаев президент болуп турган кезинде жылына эки жолу маалымат жыйын уюштуруп, ММК кызматкерлери менен жолугуп турган.

Количество просмотров: 29