Бишкек. 23.01.2019.Govori.TV.
Социал-демократтар партиясынын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаеванын билдиргенине ылайык Текебаевдин жактоочусу Таалайкуль Токтакунованын маянасынан алынган 100 миң сом Атамбаевдин эсебине келип түшө элек.
“Алмазбек Атамбаевдин эсебине которулду деген акча анын эсебине түшө элек. Биз бул тууралуу ММКдан билдик. Кайсы эсепке которулганы тууралуу биздин юристтер териштирүүдө. Каражаттын баардыгы 2010-жылы 7-апрелде жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына жардам берген “Апрель” фондуна которулмакчы” –деди Жолдубаева.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын маалымат жыйында айткан маалымат чындыкка дал келбейт деп Атамбаев сотко кайрылган. Сот жактоочулар Таалайгуль Токтакунова жана Канатбек Азиз 10млн сом төлөп берүүсү керектигин чечкен. Таалайгуль Токтакунованын маянасы менен мүлкүн камакка алынган. Таалайгуль Токтакунованын айлык маянасынын эсебинен алгачкы 100 миң сом Алмазбек Атамбаевдин пайдасына алынган.