Бишкектин борбордук көчөлөрүнө өстүрүлгөн жоогазындар гүл ачып, жаздын жана шаардын көркүн ачууда. Гүлдөр “Бишкек жашылдандыруу чарбасы” тарабынан былтыр күздө отургузулган. Жазгы жоогазындар өзүнүн ар түрдүү түстөрү жана түрлөрү менен шаар тургундарына жылмаюу тартуулашууда. Шаарда кызыл, кызгылт, сары, кызгылт сары жана көгүлтүр түстөгү жоогазындарды көрүүгө болот.
Мындан тышкары шаар көчөлөрүндөгү сирень гүлдөрү да ачылып, ажайып кооздук менен бирге шаар ичи жагымдуу жыпар жытка бөлөнүп турган чагы.