• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жоомарт Карабаевдин иши боюнча соттук отурум жылды

26 Жетинин айы 202412:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жоомарт Карабаевдин иши боюнча соттук отурум болбой калды.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, мамлекеттик айыптоочу эмгек өргүүсүндө болгондуктан анын ордуна башка прокурор келген, ал иш менен таанышып чыгуу үчүн убакыт сурап, кийинки соттук жараян 28-ноябрга дайындалды.

Эске салсак, УКМК Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Карабаевди 2-июлда кармаган. Ага “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.

31-октябрда аны Биринчи май райондук соту эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон.

Количество просмотров: 79