• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жоомарт Карабаевдин кийинки сотунда 3 эксперт көрсөтмө берет

15 Тогуздун айы 202410:51 Бишкек Govori.TV


Кэчээ Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдын иши Биринчи Май райондук сотунда каралды.

Буга чейин 8-октябрда өткөн сот процессинде айыптоочулар ага болгон айыптоосун угузган. Анда прокурор Карабаевге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) жана 327- беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) менен айып коюлганын айткан.

14-октябрдагы сотто Жоомарт Карабаев коюлган айыпты мойнуна албай турганын билдирди.
Айыпталуучунун бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырды. Кийинки соттук отурум 24-октябрга белгиленди.

Буга чейин ал УКМК тергөөчүсү ага басым кылганын билдирип, абактан президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Кийинки соттук отурумда Карабаевдин иши боюнча үч эксперт көрсөтмө бере турган болду. Кызыгы, алар буга чейин төртөө абакта, жетөө үй камагында болушкан 11 журналист боюнча экспертиза чыгарышкан Н. Сакпаева, Т. Абдыкожоева жана Жанышбек уулу А аттуу эксперттер экен.

Количество просмотров: 97