• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жороева: Келечегибиз болгон балдардын ден соолугуна кам көрүп келем

19 Бирдин айы 2023 12:47 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жалпы 17 айым келген. 7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири 59 жаштагы Каныгүл Жороева, ал Баткен шаарынан келген.

«Өзүм кесибим боюнча жугуштуу оорулар дарыгеримин. Бүгүнкү күндө Баткен облустук бириккен ооруканасында директордун даарылоо иштери боюнча орун басары болуп эмгектенип келем. Мындан тышкары шаардык кеңеште эки чакырылыштын депутаты болуп иштеп жатам. Менин эң негизги максатым жер бетинин жандуу гулдөрү болгон, биздин келечегибиз болгон балдардын ден соолугун жакшыртуу, ошол балдарга жакындан жардам берүү. Негизи мен өзүм Баткендеги чек арада жайгашкан айылдан болом. Ошол жердеги апалардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча ушу «Кыйын» долбоорунан өзүмө керектүү максаттарымды алам деп келип катышуудамын», — деди ал.

Количество просмотров: 64