• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ЖОЖдордун ректорун шайлоо Өкмөт башчыдан ажыратылат

26 Жалган куран 2018 16:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.03.2018. Govori. TV
 «Эгер «Билим берүү тууралуу» мыйзамга жаңы өзгөртүүлөр менен толуктоолор кабыл алынса, мындан ары Кыргызстандагы ЖОЖдордун ректорлорун дайындоо укугу Өкмөт башчысынын функциясынан ажыратылат. Бул тууралуу аталган мыйзам долбоорунун автору, ЖКнын депутаты жыгалбек Турусукулов билдирди.
Анын айтымында, учурда бул мыйзам коомдук талкууга коюулуп, окурмандар тарабынан оң баага татып жаткан учуру.
“Билесинер, биз демократиялуу жолдо өнүгөлү деген максат менен ЖОЖдордун ректорлорун шайлоо жолу менен тандап алып жатабыз. Бирок, акыркы учурларда окуу жайлардагы жамааттын көпчүлүк добушун алган талапкер эмес, азчылыгына ээ болуп же шайлоодо 3-орунду алган талапкерди Өкмөт башчысы дайындап койгон учурлар болду. Бул окуу жайдын эмгек жамаатынын нааразычылыгына алып келип, демократиялык принциптерге соккку урду. Ошондуктан, биз шайлоого катышкандардын 50 пайыздан ашуун добушун алган талапкер ректор болсун деп өзгөртүп жатабыз”,-дейт депутат.
Анын пикири боюнча, эгер 50 пайызды эч бир талапкер топтой албаса, анда көпчүлүк добушту алган эки талапкер 2-турга ат салышууга мүмкүнчүлүк алышы керек.
Количество просмотров: 26