Кыргызстандын 30 жогорку окуу жайынын студенттери окуу акысынын көйгөйүнө көңүл буруп, 50% арзандатууну суранышууда. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазды.
Студенттердин айтымында, алардын коомчулугуна өлкөнүн 30 жогорку окуу жайынын студенттери кирет.
«Чындыгында, пандемия учурунда көптөгөн студенттер жакындарынан айрылып, жумушсуз калышты. Биздин бардык кыйынчылыктарга карабастан, окутуучулар, ректорлор жана Билим берүү министри бизге көңүл буруп, биздин абалыбызга киргиси келбейт. Мындан тышкары, бизди окуудан чыгарабыз деп коркутуп жатышат. Келишимдин минималдуу суммасы 25 миң сомду түзөт. Эң жогорку чеги 3500 долларга чейин. 2020-2021-окуу жылына ЖОЖдордун студенттери жана колледж студенттери үчүн 50% арзандатуу сурап жатабыз», — деп билдиришкен студенттер.
Ошондой эле алар болжол менен 3 миң студент нааразычылык акциясына чыгып, ачкачылык жарыялай турганын кошумчалашкан.