• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖОЖдорго кабыл алуунун V айлампасы башталды

14 Баш оона 202310:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-августта жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, абитуриенттерди каттоо 16-август күнү саат 14:00до аяктайт.

«ЖОЖдорго кабыл алуунун I, II, III, IV турунда жалпы 21 миң 750 абитуриент кабыл алынды»,-деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

Количество просмотров: 100