• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ЖОЖдорго талондорду таштоо июль айында башталат

11 Кулжа 2019 9:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.06.2019.Govori.TV.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларга кабыл алуу быйыл 3 этап менен жүрөт.

Белгилүү болгондой, I тур 8-июлдан 13-июлга чейин болот.
8-10-июль – талондорду таштоо;

10-июлда саат 14.00дө талондорду таштоо аяктайт;
11-июлда саат 10.00дө абитуриенттердин тизмеси илинет;
11-13-июль жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн документтер кабыл алынат.
II тур

15-17-июль — талондорду таштоо;
17-июлда саат 14.00дө талондорду таштоо аяктайт;
18-июлда саат 10.00дө абитуриенттердин тизмеси илинет;
18-20-июлда жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн документтер кабыл алынат.

III тур (Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өтөт)
22-24-июль — талондорду таштоо;
24-июлда саат 14.00дө талондорду таштоо аяктайт;
25-июлда саат 10.00гө чейин абитуриенттердин тизмеси илинет;
25-27-июлда жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн документтер кабыл алынат.

Количество просмотров: 357