• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ЖРТга каттоо 9-апрелге чейин онлайн жүргүзүлөт. Кандай документтер керек?

2 Жалган куран 2021 13:49 Бишкек Govori.TV

2021-жылы жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоо 26-февралдан 9-апрелге чейин онлайн жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев билдирди.

Анын айтымында, 2-мартта карата оперативдүү маалымат боюнча, быйыл 58 миң 287 11-класстын бүтүрүүчүсү бар.

“ЖРТни мурунку жылдын бүтүрүүчүлөрү дагы тапшыра алат. Өткөн жылы ЖРТни 40 миңден ашык бүтүрүүчү тапшырган. Ошондой эле 2020-жылы кырдаалга байланыштуу ЖОЖдорго тапшыруу онлайн түрдө өтүп, одоно мыйзам бузуу катталган жок”, — дейт ал.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева быйыл ЖРТга каттоо жүргүзүүгө өзгөчөлүк киргизилгенин белгилейт.

“2021-жылы тестирлөөгө каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында онлайн жүргүзүлөт. Ар бир райондун жооптуу адамдарына, мектепке жана бүтүрүүчүгө жеке кабинет ачып берет. Каттоо башталып, 9-апрелге чейин уланат. ЖРТга каттоо мектепте окуган абитуриенттер үчүн окуган жайларда уюштурулуп, мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн өтүшөт. Каттоого өтүү үчүн паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (күбөлүктүн жанында окуп жаткан жеринен маалымкат), ЖРТга каттоо акысы төлөгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк, мурдагы бүткөндөр орто билим жөнүндөгү аттестат жана талапка ылайык электрондук сүрөт талап кылынат», — деди Батракеева.

Окутуу усулдары борборунун директору кошумчалагандай, ар бир абитуриент негизги текстке жана ар бир предметтик тестке 370 сомдон төлөйт. Тест 2021-жылдын 17-майынан 23-майына чейин өткөрүлөт. Өлкө боюнча 120га жакын тест борбору уюштурулат.

Количество просмотров: 74