• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ЖРТга катышкандардын дээрлик 60 пайызы 110дон жогору балл алды

5 Теке 2023 15:57 Бишкек Govori.TV

 2023-жылы Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча 29 миң 799 адам же катышуучулардын 58,3 пайызы 110дон жогору балл алды.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жалпы республикалык тестке өлкө боюнча 51 миң 73 адам катышкан.

Бул жылы тесттин максималдуу көрсөткүчү – 236 упай, эң азы – 29 упай, орточо – 121,8 упайды түздү.

Тест упайларынын орточо мааниси боюнча жогорку көрсөткүч:

  • Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан катышуучулардыкы – 122,9 упай;
  • Бишкек шаарынын Биринчи май району – 140,6 упай;
  • Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаары – 127,8 упай;
  • Ысык-Көл облусунун Каракол шаары – 132,7 упай;
  • Нарын облусунун Нарын шаары – 124,3 упай;
  • Ош шаары – 127,8 упай;
  • Ош облусунун Кара-Кулжа району – 120,9 упай;
  • Талас облусунун Талас шаары – 131,6 упай;
  • Чүй облусунун Токмок шаары – 131,1 упай.

Тест упайларынын максималдуу мааниси боюнча жогорку көрсөткүч:

  • Баткен облусунун Баткен шаары – 213 упай;
  • Бишкек шаарынын Биринчи май району – 236 упай;
  • Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары – 226 упай;
  • Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району – 232;
  • Нарын облусунун Ат-Башы району – 226 упай;
  • Ош шаары – 236 упай;
  • Ош облусунун Кара-Суу району – 223 упай;
  • Талас облусунун Талас шаары – 224 упай;
  • Чүй облусунун Жайыл району – 230 упай.
Количество просмотров: 98