Быйылтан тартып жогорку окуу жайларга тапшыруу өнөктүгүндө жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги жана предметтик тесттеринин жыйынтыгы мамлекеттик тил боюнча тест тапшырган учурда гана берилет.
Агартуу министрлигинин 5-июнда жарыялаган маалыматына ылайык, эгерде абитуриент мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырбаса, анда ага ЖРТнын негизги жана предметтик тесттеринин жыйынтыгы берилбейт. Мындай буйрукту министрлик 2024-жылдын 7-февралында чыгарган.
Бирок мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшырууда эч кандай таасир этпейт.
Эгерде кандайдыр бир себептер менен ЖРТнын I-II этабында мамлекеттик тил боюнча тест тапшырылбай калган болсо, анда аны ЖРТнын III этабында Бишкек жана Ош шаарларында гана быйыл 21-июнда тапшырууга мүмкүнчүлүк бар.