Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Суванбердиев жана Скрябин көчөлөрүнүн аралыгындагы жол тилкесинде оңдоо иштери мөөнөтүнөн он күн мурда аяктады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган жол бөлүгүндө эскирген магистралдык жылуулук тармактын узундугу 65 метр, диаметри 530 мм участкасы алмаштырылды.
Учурда аталган тилкедеги жол кыймылына коюлган бардык чектөөлөр алынды.