• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

20 Баш оона 202411:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-августта «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Горький менен Кулатов көчөлөрүнүн ортосундагы кесиндисинде магистралдык жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери аяктагандыгын билдирет. Бул тилке азыр унаа кыймылы үчүн ачык.

Ал эми Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин жайгашкан жылуулук тармагынын калган тилкелеринде иштер уланууда жана август айынын аягына чейин бүткөрүлөт.

Эскерте кетсек, «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы Жукеев -Пудовкин көчөсүн бойлой магистралдык жылуулук тармагын масштабдуу реконструкциялоодо. Бул долбоордун алкагында диаметри 700 мм болгон түтүктөр толугу менен диаметри 900 мм болгон түтүктөргө алмаштырылып, бардык жапкычтар жаңыланды. Реконструкцияланган тармактын жалпы узундугу 845 метрди түзөт.

Количество просмотров: 98