• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жума намазына уруксат берилди

26 Баш оона 202012:23 Бишкек Govori.TV

Мечиттерде жума намазынын окулушуна уруксат берилди. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мечиттердеги жаңы эрежелер тууралуу маалыматты жарыялады.

Талаптар: 

-Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын  беткап тагынуусу талап кылынат.

-Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талап кылынат.

-Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо зарыл.

-Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

-Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү.

-Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп  жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат.

-Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү сунушталат.

-Саат 13:15 де жогорудагы талаптарды түшүндүрүү,  ынтымакка,  биримдикке жана сабырдуулукка чакыруу иштерин жүргүзүү.

-Жамаат намаздары ачык абада  мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат.

-Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.

Муфтият жалпы жарандарды беш убак  намазга жана жума намазына келүүдө жогорудагы  талаптарды толук сактоого чакырат.

Количество просмотров: 229