Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тиешелүү чечимдерди кабыл алды:
1. Кырдаал турукташканга чейин Жума намазы убактылуу токтотулсун. Жума намазынын ордуна бешим намазы үйлөрдө окулсун.
2. Мечиттер жабылбайт, намаз убактыларын билдирүү үчүн азан айтылып турсун.
3. Беш убак намаз үйдө окулуусу сунушталат.
4. Даават иштери боюнча убактылуу чектөөлөр киргизилсин.
5. Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат.