Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткандары боюнча өзүнүн жообун айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.
Анын айтымында, эгер ага кызматтан кетүү талабы коюлса кызмат ордун тапшырып кеткенге даяр, бирок, ал акырына чейин күрөшөт.
«Эгер ошондой эле кысым болуп, кызматтан кет десе кетем. Азыркы учурда мага 7 жерден чакыруу келип. Арасында чет өлкөдөн да сунуштар бар. Биз расмий жыйынтыкты күтөбүз. Эгер иштен кет деген чечим чыкса кетем. Бирок мен эле эмес, бул жердеги таланттуу дарыгерлер да мени кетирсе кетебиз деп айтышууда», — деди Жумабеков.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Кийинчерээк министр Алымкадыр Бейшеналиев аталган борборду кайра түзүүнү “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп айткан. Себеби, Сабырбек Жумабеков жогорку кызматтагы тааныштары аркылуу ал жердеги оорукананы жоюп, жок жерден эле аталган борборду түзүп, өзү кетпес жетекчи болуп алган деген.