• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сабырбек Жумабеков кызматынан кетти. Жамаатка жаңы жетекчи тааныштырылды

14 Бирдин айы 2022 14:50 Бишкек Govori.TV

Медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабеков мурдагы Травматология жана Ортопедия улуттук илим изилдөө борборунун башкы дарыгери кызматынан кетти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-февралда Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөргөн ооруканага Сабырбек Жумабековдун ордуна Памир Муратов башкы дарыгердин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал жамаатка тааныштырылган.

Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, буга чейин Тез жардам ооруканасына директор болуп дайындалган Дамир Дүйшенов өз каалоосу менен жумуштан кетүү арызын жазды.

Эске салсак, 4-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун жоюп, директору Сабырбек Жумабековду кызматынан бошоткон. Анын ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлүп, ооруканага жаңы жетекчи дайындалган.

Андан соң министрдин орун басары аталган ооруканага барганда Сабырбек Жумабеков киргизе албай турганын айтып, Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, президенттин гана чечимин күтөрүн билдирген.

Көп өтпөй Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров менен жолугуп чыккан.

Количество просмотров: 2460