• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«5-6 операция жасап жатам». Сабырбек Жумабеков билдирүү жасады

17 Бирдин айы 2022 13:49 Бишкек Govori.TV

Травматолог-ортопед Сабырбек Жумабеков Бишкек шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасында ишин улантып жатат. Бул тууралуу Жумабеков Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды.

«Сиздерге билдирип кетким келет, биздин жумушубуз кадимки режимде уланууда. Күн сайын мен 5-6 операция жасайм. Анан бөлүмдөрдү айланам, 30-40 бейтаптарды кабыл алып турам. Мени колдогондорго жана биздин ишибизди түшүнбөй сын айткандарга да ыраазычылыгымды билдирем. Мен үчүн жашоо уланууда. Бейтаптар, операциялар, илим жана башка иштер жүрүүдө»,-деп жазган Жумабеков.

Эске салсак, 4-февралда Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров айтмайынча кызматынан кетпей турганын билдирип, министрдин бул чечимин сындаган. 5-февралда бир нече адам акцияга чыгып, Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышкан. Оорукананын айланасындагы окуяларды иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлгөн.

Количество просмотров: 1869