• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жумабеков: Паспорт мафиясын өкмөт башчы өз көзөмөлүнө алышы керек

25 Бугу 2022 14:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков «паспорт мафиясын» өкмөт башчы өз көзөмөлүнө алышы керек деген пикирин билдирди.

Анын айтымында,

«Санарип министри соцтармак аркылуу элге кайрылуу жасады, демек ал парламентке да кайрылды деп эсептейм. Ал паспорт мафиясы күч алып, жасалма паспорттор көп сатылып жатат деген сыңары пикирин билдирди. Андыктан бул меселени парламентте көтөрүүнү туура көрдүм. Министрге бул ишти жөнгө салууда ким тоскоолдук кылып жатканын билүү максатында сурап, билүүнү көздөдүк. Жалпысынан алганда, бул ишти укук коргоо органдары, жада калса өкмөт да тыкыр көзөмөлгө алуусу абзел. Себеби, биздин паспортторду башка өлкөлөрдун жарандары колдонуп жүрүшүптүр деген сөздөрдү да көп угуп келебиз», — деди депутат.

Буга чейин, Санариптик өнүктүрүү министри буга чейин айтып чыккан паспорт мафиясы боюнча кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу видео кайрылуу жасаган.

Министрдин айтымында, Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК менен биргеликте жок кылынууга тийиш болгон 2020-2021-жылдардагы жараксыз паспорттордун реестрлерин инвентаризациялаган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн району боюнча 1667 жарандык паспорт, 2101 жалпы жарандык паспорт жок экени аныкталган.

Количество просмотров: 159