• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жумабеков Россия Думасынын төрагасы менен сүйлөштү

13 Бугу 2020 16:35 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар коронавирус илдетинин дүйнөгө тарашынан улам түзүлгөн кырдаалга токтолушуп, ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) жыйынын видеоконференция форматында июнь айында өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Сүйлөшүү учурунда төрага Дастанбек Жумабеков ушундай кыйын кырдаалда парламенттер аралык байланышты чыңдоо маанилүүлүгүн белгилеп: “Пандемия шартында мамлекеттер аралык кызматташтык, андан тышкары өз ара колдоо өтө керек”, – деди.

Өз кезегинде Вячеслав Володин уюмга мүчө мамлекеттердин бардык парламент төрагалары менен ЖККУ ПА Кеңешинин жыйынын аралыктан өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшүүнү көздөп жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 877