• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жумабековдун ордуна келген жаңы жетекчини кызматкерлер киргизбей коюшту

4 Бирдин айы 2022 15:05 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлгөнүн билдирди. Ал Сабырбек Жумабековду кызматынын бошотконун, жаңы түзүлгөн оорукананын башчысы болуп Гулия Кожокматова, ал эми башкы дарыгер кызматына Дамир Дүйшөнов дайындалганын кабарлады.

Министрдин айтымында, ал буга чейин тиешелүү буйрукка кол койгон.

Буйруктун аткарылышы саламаттык сактоо министринин орун басарына жүктөлүп, жаңы жетекчини жамаатка тааныштыруу үчүн ооруканаган келген. Бирок, мекеменин кызматкерлери жана бейтаптар ага каршы болуп, жаңы жетекчини киргизбей кетирип жиберишти.

Жаңы жетекчини тааныштырууга келген министрдин орун басарлары артка кайтышты.

Ал эми Сабырбек Жумабеков президенттин чечимин күтөрүн айтып, кызмат ордунан кетүүдөн баш тартты. Ал аны колдоп жаткан жарандарга ыраазычылык билдирип жатып, көзүнө жаш алды.

Аталган министрлик мындай өзгөртүүлөрдөн кийин «бул оорукана Бишкек шаардык мэриясы, шаардык кеңеш жана Саламаттык сактоо министрлигинин үч тараптуу келишиминин негизинде иш жүргүзөт, милдетүү медициналык камыздандыруу фондунан каржыланат» деп билдирген.

Количество просмотров: 1002