• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жумаканов: Иттен кутурма сыяктуу жалпысынан илдеттин 20 түрү жугат

8 Бугу 201913:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.

Жаныбардан адамга жугуучу илдеттерди алдын алуу үчүн биринчи кезекте иттер көзөмөлдө болушу керек. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов билдирди.

«Итке бир долбоор аркылуу каргы алып жатабыз. Биркасын илип коебуз. Азыр 411 миң ит биздин базада турат. Иттен эхинококкоз, альвеококкоз, кутурма сыяктуу жалпысынан ылаңдын 20 түрү жугат. Биринчи кезекте итти көзөмөлгө алышыбыз керек. Жылына каттоодогу ар бир итти төрт жолу барып дарылап жатабыз»,-деди ал.

Жумакановдун айтымында, соңку эки жылда көрүлгөн аракеттерден улам Кыргызстанда эхинококкоз менен ооругандардын саны 279 адамга кыскарды.

Бүгүн 8-майда Жогорку Кеңеште “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр талкууланып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.


Количество просмотров: 15