• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жумалиевдин коррупциясын Жапыкеев ачып, УКМК камады

5 Бирдин айы 2021 11:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин баш коргоо чарасын карады.

Анын жыйынтыгында Жумалиев 4-апрелге чейин УКМКнын абагына камакка алынды. Ал коррупцияга шектелүүдө.

29-январда депутат Жумалиевдин эки жакын тууганына карата сотко чейинки териштирүү башталган.

Бирок кийин депутаттын кармалган туугандары Биринчи Май райондук соту тарабынан бошотулганын Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев «Фейсбуктагы» баракчасына жазган эле.

Ал эми Сыймык Жапыкеев депутат Жумалиевдин кармалышы тууралуу пикирин билдирди.

«Достор түшүнүктүү болсун:
УКМК коррупция жана өзгөчө оор, чоң мааниге ээ кылмыштарды иликтейт, аны менен күрөшөт, а Финпол экономикалык кылмыштар менен күрөшөт. (Камаш кыйын) Финпол депутатка алыбыз жетпеседа балдарын камаганбыз, бирок ал да сот аркылуу чыгып кеткен.
Бүгүн Жумалиевди АКС басыптыр, бир чети туура болду, УКМКнын мүмкүнчүлүгү көп, СИЗОсу да бар, өздөрү изилдешсин (объективно). Коррупция менен АКС күрөшөт, мыйзам ошондой. (Подследственность)
Достор акыркы күндө мени жамандап ушак чыгаргандар көбөйдү. Провокацияга алдырбай Тынч эле тура туралык. Жумушка жабышкан жокбуз. Бирок Финпол буюрса калчудай. Достор сабырдын түбү сары алтын. Сабырдуулука чакырам. Мына акчага таянган маал өттү, миллиардер «Граф» корона вирустан өттүп кетиптир, ыйманы саламат болсун, Миллиардер Жумалиев кармалды.
Коррупция менен күрөшү накта башталды. Молодцы УКМК!!!», — деп жазган ал.

Эске салсак, алгач Сыймык Жапыкеев эл өкүлү Кубанычбек Жумалиевге таандык делген мүлктөр тууралуу баяндап, айтып чыккан.

Количество просмотров: 135