• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жуманазарова Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

21 Чын куран 202210:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Мээрим Жуманазарованын 68 кг салмакта алгачкы атаандашы Азия чемпионатынын эки жолку коло медалынын ээси казакстандык Мадина Бакбергенова болуп, аны 5:0 эсебинде утуп алды.

Кийинки кореялык Сужин Паркты кыргызстандык спортчу 10:0 эсебинде жеңди.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө. Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Количество просмотров: 163